Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели № 31/4

 

Өзгөн шаарынын башкы планына (ген планына) өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXI сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги отурумунун №3 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 01-9/391 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарынын “Борбор” муниципалдык аймактык башкаруусу аймагында жайгашкан №32 көп кабаттуу турак үйүнүн түндүк тарабындагы №10/2011 шифрлүү башкы планынын “Борбор” участкасындагы ажаткана, таштанды таштоочу контейнер жана көрктөндүрүү үчүн калтырылган жер тилкесин “административдик имараттар куруу” багытына которууга макулдук берилсин.

2. Шаар курулушу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институнун курорттук-рекрециялык жана туристтик комплекстер боюнча Ыссык-Көлдөгү филиалына башкы планга өзгөртүү суралсын.

3. Аталган жер тилкелери боюнча тиешелүү иш-чараларды мыйзамга ылайык Долбоорлоо шаар куруу институту менен биргеликте иш алып баруу жүргүзүү Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Хасанов