Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели № 31/5

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы “Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын жана орунбасарын шайлоо жөнүндө” №3/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги биргелешкен отурумунун №2 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы №3/3 токтомунун 2-пунктундагы “Джумаев Хуршид Абдухалилович” деген сөздөр “Хайдаралиев Бахтиёр Абдивахидович” деген сөздөр менен алмаштарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Хасанов