ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXII сессиясы
2024-жылдын 25-апрели № 32/2
Өзгөн шаарында “Өзгөн жылуулук” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги отурумунун №2 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 24-апрелиндеги №01-9/414 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык мэриясынын алдында “Өзгөн жылуулук” муниципалдык ишканасын ачууга мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2.“Өзгөн жылуулук” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо Өзгөн шаардык мэриясына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |