Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 31-майы № 34/1

 

Өзгөн шаарынын Борбор кварталындагы 420 м2 муниципалдык жерин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 29-майындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарындагы Хлопкомская көчөсүндөгү (идентификациялык коду 5-06-18-0002-5188) 420 м2 жер участогун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Жогорудагы жер участогун мыйзам чегинде Өзгөн РИИБ өткөрүп берүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго жана МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төраганын у.м.а.

 

И.Дадажанов