ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI отуруму
2024-жылдын 24-январы № 26/4
Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 160,1 миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 160,1 сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковдун 2024-жылдын 24-январындагы билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап 24.01.2024-жылдагы №26 протоколунун негизинде Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 160,1 миң сом калган калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 160,1 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин.
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (миң сом) |
Бала бакча | 70911 | 31123230 | 42,6 |
Бала бакча | 70911 | 31123290 | 39,8 |
Бала бакча | 70911 | 22211100 | 30,0 |
Бала бакча | 70911 | 22221200 | 47,7 |
Жыйынтыгы: |
|
| 160,1 |
3.Атайын каражаттын 2023-жылдан калган калдык акча каражатын 2024-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп,тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөсүн.
4.Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |