Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 6-февралы № 18

 

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык тɵлɵм ченемдерин бекитүү боюнча

 

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мураталиев Т.М. 2025-жылга карата коммуналдык төлөм ченемдери боюнча сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык тѳлѳмдѳр тѳмѳнкү ченемде бекитилсин:

·         Иче турган сууга – 35 сом/киши ай сайын;

·         Канализация – 35 сом/киши ай сайын;

·         Огороддорду сугарууга – 25 сом/сот;

·         Таштанды үчүн – 30 сом/киши ай сайын;

·         Коммерциялык максатта пайдаланылган (кафе, мончо ж.б) айына 500 сом;

·         Канализацияга туташтыруу үчун 2000 сом;

·         Ичүүчү сууга туташтыруу үчүн 2000 сом;

·         Ичүүчү суу менен жашыл жерлерди ( шланг менен туташтыруу) суугаруу үчүн айып пул 7500 сом ( саат 22:00дөн 06:00гө чейин гана уруксат берилет);

·         Таштандыларды белгиленбеген жерлерге төгүү 7500 сомдон 10000 сомго чейин айып пул салынат;

·         Зыян 7500 +зыяндын ордун толтуруу;

·         Коммерциялык максатта пайдаланылган (магазиндерге) таштанды чыгаруу үчүн айына -500 сом;

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

 

Акматказиев М.А.