Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 6-февралы № 19

 

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык ишканасынын техникаларынын тейлөө тɵлɵм ченемдерин бекитүү боюнча

 

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мураталиев Т.М. 2025-жылга карата техникаларынын тейлөө тɵлɵм ченемдери боюнча сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын“Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын техникаларынын тейлөө тѳлѳмдѳр 2024-жылга карататѳмѳнкү ченемде бекитилсин:

·         Экскаватор тейлөөсү - 700сом/ саатына +10л. күйүүчү май;

·         Ассенизатор унаасынын тейлөөсү - 600 сом/рейс +8л. күйүүчү май;

·         Бус-спринтер жалдоо-Бишкек ш. -400сом/саат,башка региондорго 9сом/км+ күйүүчү май чыгымына жараша;

·         Хово жүк ташуучу автоунаанын тейлөөсү:

–     таштандыларды чыгаруу үчүн - 500сом+8л күйүүчү май;

–     жүк ташуу үчүн-10сом/км+күйүүчү май чыгымына жараша;

·         Мех лопата мото саатына:

–     жергиликтүү тургундарга - 1200сом/саат+күйүүчү май ичинде;

–     Айыл аймактан тышкары керектөөчүлөргө-2000сом/ саатына;

·         Мех лопата жүктөө - 600сом/ +8л күйүүчү май 1 рейс үчүн;

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

 

Акматказиев М.А.