Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 6-февралы № 30

 

ЖЧК “АСК Кей Джи” жол курууга жер берүү боюнча

 

“АСК Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген коомунун мүдүрү В.Садыговдун кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мраморное айылында курулуп жаткан унаа-спортунун комплексине жетүүгө багытталган жол куруу үчүн жер бөлүнүп берилсин;

2. “АСК Кей Джи” ЖЧК жетекчилери жолду куруу, асфальт төшөө жана айланасын жакшыртуу/жашылдандыруу боюнча милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер, агрардык суроолор, архитектура жана укуктук тартип боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  

Төрага

 

Акматказиев М.А.