Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIII СЕССИЯСЫ

 

 

2024-жылдын 6-марты № 23/5

 

«Кара-Суу шаардык кеңеши» мекемесине «Сарай айылдык кеңеши» мекемесин кошуу жолу менен кайра түзүү жөнүндө

 

                Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кара-Суу шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. «Кара-Суу шаардык кеңеши» мекемесине «Сарай айылдык кеңеши» мекемесин кошуу жолу менен кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына “Кара-Суу шаардык кеңеши” мекемесинин төрагасы жана “Сарай айылдык кеңеши” мекемесинин төрагасы кол койсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы:

 

З.К.Эшмаматов

 

 

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин

2024-жылдын 6-мартындагы   

№23/5 токтому менен бекитилген

 

Өткөрүп берүү актысы

 

Кара-Суу шаары «15» март 2024-ж.

 

Биз төмөндөгүлөр:

Эшмаматов Заирбек Кадырбекович – Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы,

Салимов Алтынбек Нышанович – Сарай айылдык кеңешинин төрагасы,

Кебекбаева Айчолпон Кадырмаматовна - Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы,

Султанбаева Айгерим Акбаралиевна – Сарай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы,

Акылбек кызы Жылдыз Кара-Суу шаардык кеңешинин башкы адиси

төмөндөгүдөй өткөрүп берүү актысын түздүк.

Кара-Суу шаардык кеңеши мекемеси жана Сарай айылдык кеңеши мекемеси бириктирүү жолу менен Кара-Суу шаардык кеңеши болуп кайра түзүлүп мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып, Мекемелердин бардык укутары жана милдеттери укук улантуучуга өтөт деп эсептелинсин, атап айтканда:

Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:

1. Мекеменин уюштуруу документтерин:

1.1. Сарай айылдык кеңешинин күбөлүгү жоголгондугу боюнча маалым кат;

1.2. Сарай айылдык кеңешинин регламентинин түп нускасы;

1.3. Сарай айылдык кеңешинин кредиторлору жоктугу боюнча кепилдик кат;

1.4. Сарай айылдык кеңешинин салык төлөөчүнү каттоо карточкасы жоголгон.

2. Мекеменин иш кагаздары:

2.1. Сарай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын № I, II, III, IV, V, VI, VII, VIII, IX, X, XI, XII, XIII, XIV, XV, XVI, XVII, XVIII, XIX cессияларынын токтомдору 4 папкада тиркелген;

2.2. Сарай айылдык кеңешинин өздүк курамынын 2023-жылга буйруктары, каттоо журналы.

2.3. Сарай айылдык кеңешине 2023-жылы келип түшкөн арыздар 1 папкада, каттоо журналы 2022-2023-2024-ж.ж..

Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.

Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.

           

Бул өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлдү.

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы Кебекбаева А.К.

Сарай айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы Султанбаева А.А.

Кара-Суу шаардык кеңешинин

башкы адиси Акылбек кызы Ж.

 

 

Өткөрүп берди:

“____________”

Сарай айылдык кеңешинин

төрагасы

А.Н.Салимов

 

Өткөрүп алды:

“____________”

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы

З.К.Эшмаматов