Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIII СЕССИЯСЫ

 

 

2024-жылдын 6-марты № 23/7

 

«Кара-Суу шаар мэриясы» мекемесине «Сарай айыл өкмөтү» мекемесин кошуу жолу менен кайра түзүү жөнүндө

 

                Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кара-Суу шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. «Кара-Суу шаар мэриясы» мекемесине «Сарай айыл өкмөтү» мекемесин кошуу жолу менен кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Кара-Суу шаар мэриясы” мекемесинин мэрине жана “Сарай айыл өкмөтү” мекемесинин башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам. 

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы:

 

З.К.Эшмаматов