Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели № 39
“Чайна Роуд” Кытай Корпорациясына жер тилкесин убактылуу колдонууга берүү боюнча
“Чайна Роуд” Кытай Корпорациясынын №067-23-25 катын жана Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтү Т.Б.Джумалиевдин маалыматын карап, талкуулап чыгып Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мраморное айылынын түндүк тарабында жайгашкан 9,6 га жайыт жерлери “Чайна Роуд” Кытай Корпорациясына Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” негизинде 2026-жылдын декабрь айына чейин убактылуу колдонууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер, агрардык суроолор, архитектура жана укуктук тартип боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.А. Акматказиев |