КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 6-марты № 23/8
“Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев эс алуу багынын айланасын тосмо менен тосуу жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 4-мартындагы 01-20/193 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев эс алуу багынын айланасын тосмо менен тосууга каражат карап берүү жагы Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуш кылынсын.
2. Облустук өнүктүрүү фондуна тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу жагы Кара-Суу шаар мэриясы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо жана экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |