КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 24/1
Кара-Суу шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кара-Суу шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасына жана Кара-Суу шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |