Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-апрели № 45
Айыл аймагынын малын тышкы жайытка жөнөтүү жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын жайыттар боюнча адиси М.Молдокуловдун ички жайыт боюнча жана малды тышкы жайытка жөнөтүү жөнүндө сунушун карап чыгып, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын ички жайыттары саан уйларды жайуу үчүн гана пайдаланылсын;
2. Саан уйлардан башка (бодо мал, жылкы, кой, эчки) малдар тышкы жайыттарга жөнөтүлсүн;
3. Тышкы жайыттарга жөнөтүлбөгөн саан уйлардан башка, ички жайыттарда жүргөн малдын ээлерине айып пул салынсын;
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер, агрардык суроолор, архитектура жана укуктук тартип боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.А. Акматказиев |