КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 24/3
Умаров көчөсүндөгү эски мүрзөнү кайра пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги чыгыш №01-20/491 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Умаров көчөсүндөгү эски мүрзөнү кайра пайдалануу боюнча иш кагаздары толук даярдалгандан кийин мыйзам чегинде кайра пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |