Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ

 

 

2024-жылдын 19-апрели № 24/4

 

“Кара-Суу шаарынын аймагындагы картайган, шаардын инфраструктурасына таасирин тийгизген жана суугат суу

өтүүчү арыктардын бойлорундагы бак-дарактар жөнүндө”

 

                Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги №01-20/491 сандуу каттарын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. 2024-жылы келип түшкөн кайрылуулардын негизинде шаардын аймагындагы картайган, шаардын инфраструктурасына таасирин тийгизген жана суугат суу өтүүчү арыктардын бойлорундагы арык чабууга тоскоолдук жараткан жөнөкөй бак-дарактарды кыюуга мыйзам чегинде уруксат берилсин.

 

2. Кара-Суу шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы менен биргеликте иштерди алып барсын.

           

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы:

 

З.К.Эшмаматов