КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 24/5
Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандарын Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүү жөнүндө
Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандарын Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүү сунушун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин негизинде шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ошоблжилкоммунсоюз жылуулук менен камсыздоо ишканасынын Кара-Суу шаарындагы от казандары Кара-Суу шаар мэриясынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Шаар мэриясы от казандарды баланска өткөрүп алуу боюнча мыйзам чегинде иштерди алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |