КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 24/6
Кара-Суу шаарында “Кара-Суу жылуулук” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Кара-Суу шаарында “Кара-Суу жылуулук” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча сунушту угуп жана талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарында “Кара-Суу жылуулук” муниципалдык ишканасын ачууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. “Кара-Суу жылуулук” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |