КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 24/7
Комиссия курамын түзүү жөнүндө
Таштанов көчөсү №46 үйүнүн тургуну М.Кадырованын 2024-жылдын 3-апрелиндеги жазган арызынын негизинде жана Сарай айыл өкмөтү тарабынан “Тураталы” базарынын айланасындагы жерлерди сатуу боюнча кабыл алынган токтомдорун мыйзамга ылайык келтирүү максатында шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардык кеңештин депутаттарынан жана мэриянын кызматкерлеринен төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
1. Р.А.Таиров - Шаардык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
2. З.К.Кадыров - Шаар мэриясынын жетектөөчү адиси (юрист), комиссиянын катчысы;
3. А.К.Сабаев - Шаардык кеңештин депутаты;
4. К.К.Эргешов - Шаардык кеңештин депутаты;
5. С.Мамиев - Шаар мэриясынын жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси
2. Түзүлгөн комиссия курамы арызда көрсөтүлгөн жана башка мыйзам бузуучулук менен кабыл алынган Сарай айыл өкмөтүнүн токтомдорун кылдаттык менен текшерип, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна текшерүүнүн жыйынтыгын сунуштасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |