КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХХIV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 24/8
“Кара-Суу шаарындагы “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасын атайын техникалар менен камсыздоо жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги 01-20/496 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасын атайын техникалар менен камсыздоо максатында SHACMAN X300, SHACMAN L300, Dongfeng Liuzhou Automobile (ZBH5250ZYSLZE6) атайын техникаларын сатып алууга каражат карап берүү жагы Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуш кылынсын.
2. Облустук өнүктүрүү фондуна тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу жагы Кара-Суу шаар мэриясы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо жана экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: |
| З.К.Эшмаматов |