Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-апрель № 57
Абыканова Айдананын кайрылуусу жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын Даркан айылынын тургуну Абыканова Айдананын курулуп жаткан үйүнүн курулуш иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Абыканова Айдананын үйүнүн курулуш иштерине 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов