Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-апрель № 60
Ветеринария кызматтарына акча каражатын кароо жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын ветеринария кызматынын вет. адиси Ишен уулу Мирландын аймактагы ветеринария кызматтарына кетүүчү чыгымдары үчүн акча каражатын сураган кайрылуусун карап чыгып акча каражатын кароомаксатында, Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин I чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат.
1. Аймактагы ветеринар кызматкерлерине фиксатор алууга, иттердин паспортторун камсыздоого жана практикага келген кызматкерлердин чыгымдарына 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов.