Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I-чакырылышындагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-июну № 64
Барскоон-Каракол участогундагы автожол трассасынын реконструкциялоо жумуштарынын муктаждыктарына аймактагы айылдарда кум шагыл алууга карьерлерди ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайыкБарскоон -Каракол участогундагы автожол трассасынын реконструкциялоо жумуштарынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн аймактагы айылдарда кум шагыл алууга карьерлерди ачуу максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынын белгиленген контурдагы жер аянттарына Барскоон-Каракол участогундагы автожол трассасынын реконструкциялоо жумуштарынын муктаждыктары үчүн убактылуу карьерлер ачылып берилсин.
- Даркан айылынан - Км167+580 – 67га,
- Жениш айылынан - Км163+000 - 24,54га,
- Ак-Терек айылынан - Км152+820 - 59,5га
- Ак-Терек айылынан - Км 152+ 400 - 9,6га
- Кичи-Жаргылчак айылынан – Км151+280 – 36,32га
- Кичи-Жаргылчак айылынан – Км148+820 – 14,2га
2. Даркан айылындагы Км167+580, 138559 метр кв. жер аянтына өндүрүш базасын курууга макулдук берилсин.
3. Ачылган карьерлерде айыл өкмөтүнүн муктаждыктары боюнча макулдашуу менен кум-шагыл берип туруу жагы CHINA ROAD компаниясына сунушталсын.
4. Карьер ачуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Жаманаковго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов