Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-июну № 69
Мукамбетова Дамиранын кайрылуусу жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну Мукамбетова Дамиранын курулуп жаткан үйүнүн курулуш иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жеңиш айылынын тургуну Мукамбетова Дамиранын үйүнүн курулуш иштерине 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы Жаргылчак Жергиликтүү кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов.