Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-июну № 70
Исакова Динаранын кайрылуусу жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну Исакова Динара курулуп жаткан үйүнүн курулуш иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жеңиш айылынын тургуну Исакова Динаранын үйүнүн курулуш иштерине 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы Жаргылчак Жергиликтүү кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов.