Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I-чакырылышындагы 4-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жыл. 21-июль № 75
Барскоон-Каракол участогундагы автожол трассасынын оңдоо долбооруна кум шагыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Барскоон-Каракол участогундагы автожол трассасынын реконструкциялоо жумуштарынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн 2025-жылдын 20-июнундагы кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарды мамлекеттик каттоо үчүн түзүлгөн райондук комиссиянын жыйынынын протоколун карап чыгып, талкуулап Барскоон-Каракол участогундагы автожол трассасынын оңдоо долбооруна кум шагыл алууга макулдук берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон-Каракол автожол трассасынын реконструкциялоо жумуштарынын муктаждыктарын камсыздоо үчүн CHINA ROAD Кытай компаниясы Жууку суусунун нугунун 44га жер аянтына кум шагыл аралашмасын казып алуу үчүн убактылуу карьер ачууга макулдук берилсин.
2. Карьерде казуу иштерин жүргүзүүдө жана бүткөндөн кийин мыйзамда белгиленген экологиялык талаптарды сактоо, жердин кыртышын калыбына келтирүү (рекультивация) жагы CHINA ROAD компаниясына эскертилсин.
3. Ачылган карьерде айыл өкмөтүнүн муктаждыктары боюнча макулдашуу менен кум-шагыл берип туруу жагы CHINA ROAD компаниясына сунушталсын.
4. Карьер ачуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси С.Токоевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов