Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын 4-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жыл. 21-июль №78
Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин депутаттарына жыйын жана кеңешме өткөрүү кабинетин берүү жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына жыйын жана кеңешме өткөрүү кеңсесин бекитип берүү маселесин карап чыгып, депутаттар талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Даркан айылындагы маданият үйүндө жайгашкан мурунку “Бактылуу айымдар” фитнес залынын кеңсеси Жаргылчак жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын жыйын өткөрүү кеңсеси катары пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. “Бактылуу айымдар” фитнес залынын ички инвентарлары Даркан айылындагы маданият үйүнүн имаратындагы бош бөлмөсүнө көчүрүлүп, калкка кызмат кылуу иштери жүргүзүлсүн.
3. Аймактагы машыктыруучу залдар менен фитнес залдардын иштөө тартиби аныкталып, графиктери түзүлсүн.
4. Машыктыруучу залдардын инвентарларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов