Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын 4-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жыл. 21-июль №79
Муниципалдык менчиктеги имаратты ижарага берүү жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын Кичи-Жаргылчак айылындагы мурунку ФАПтын эски имаратынын эки бөлмөсүн дарыкана ачуу үчүн ижарага берүү маселесин карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кичи-Жаргылчак айылындагы мурунку ФАПтын эки бөлмөсү 33,82 аянты менен дарыкана ачып иштетүү үчүн Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Ч.Осмоналиевага ижарага берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө төлөнүүчү жылдык ижара акысы 3 100 сом менен бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү менен ижарачы Ч.Осмоналиева ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жергиликтүү кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов