Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышынын 4-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жыл. 21-июль № 80
Айыл аймагынын көл жээгинде техникалык түздөө иштерине макулдук берүү жөнүндө.
Ак-Терек айылынын айыл башчысы Н.МамырбаевдинЖаргылчак айыл аймагынын көл жээктерин эс алуучуларга шарт түзүү, тазалыкты сактоо, түздөө жана ирээтке келтирүү максатында, техника менен көл жээктеринде кумдарды түздөө, таштандыларды тазалоо жана жапайы уу чөптөрдү жок кылууга макулдук берүү боюнча оозеки кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынын көл жээктеринде техниканын жардамы менен кумдарды түздөөгө, жапайы чөптөрдү тазалоого макулдук берилсин.
2. Техника менен көл жээктеринде кумдарды түздөө, таштандыларды тазалоо жана жапайы уу чөптөрдү жок кылуу жумуштарын аткарууда экологиялык техникалык коопсуздуктун сакталышын камсыздоо эске алынсын.
3. Айыл аймагынын көл жээктеринде техниканын жардамы менен кумдарды түздөөгө, жапайы чөптөрдү тазалоо иштерин жүргүзүүгө экология, техникалык көзөмөл кызматтары жана тиешелүү органдар менен макулдашуу жумуштарын уюштуруу Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.Жаманаковго милдеттендирилсин.
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов