Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I-чакырылышынын 4-сессиясы
ТОКТОМ
2025-жыл 21-июль № 81
Жеңиш айылынын тургуну Ж.Чериковго тиешелүү 0.10га жер участогун Н.Чериковага каттоого макулдук берүү жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну Чериков Жолдошбектин Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-сентябрындагы № 262-токтомунун негизиде алган 0.10 га жер участогун карындашы Черикова Наргизага каттатып, айыл өкмөтүнүн токтомун кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө маселесин сессияда карап чыгып Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жеңиш айылынын тургуну Чериков Жолдошбекке тиешелүү 0.10га жер участогу Черикова Наргизанын атына каттатуу үчүн айыл өкмөтүнүн токтомун өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Черикова Наргизанын атына токтом кабыл алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге тапшырылсын.
Төрага Т.К.Баякунов