Загрузка документа…
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши
кезексиз 6- сессиясы
ТОКТОМ
2025 –жылдын “ 2 ”июну № 6-1
“Кошумча каражат бөлүү жөнүндө”
Ананьево айылындагы Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө, мешин алмаштыруу үчүн кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө мектеп директору Г.Ш.Касымалиеванын кайрылуусун жана Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Т.М.Агатаеванын сунушун угуп, талкуулап талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Ананьево айылындагы Жусуп Абдрахманов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүдө, мешин алмаштыруу үчүн кошумча акча каражатын бөлүү максатында 378195(үч жүз жетимиш сегиз миң жүз токсон беш)сом акча каражаты 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 3111-“Имараттар жана жайлар” элементине каралып бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы – экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев