Редакцияот 18.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы

 

2023-жылдын 18-апрели № 14/12

 

«Айылдардын аталышын аныктоо жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгы мекемесинин архивдик тактамасы жана Барпы айыл кеӊешинин 08.02.2022-жылы “Чокмор-Кыпчак айылдарынын аталышын аныктоо боюнча түзүлгө комиссия курамы” жөнүндөгү №1 буйругу менен түзүлгөн комиссия курамынын жыйынтыгы менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, карап, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

ТОКТОМ

1. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу архив кызматынын Жалал-Абад региондук башкармалыгы мекемесинин архивдик тактамасына ылайык, Чокмор айылынан бөлүнүп, А. Назаров көчөсүндөгү “Мүрзөдөн” тартып, “Барпы Алыкулов” атындагы мектепке чейин Кыпчак айылы деп аталсын.

2. Айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, Барпы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жүктөлсүн.

3. Барпы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Карабаевга: Мыйзам чегинде, Мамлекеттик иш-кагаздарына Чокмор айылы жана Кыпчак айылы деп бөлүп жазуу жагы милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Барпы айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

 

У.Абдыкулов