Загрузка документа…
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши
кезексиз 6- сессиясы
ТОКТОМ
2025 –жылдын “ 2 ”июну № 6-2
“Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын аймагында шайлоону өткөрүү жана добуштарды эсептөө үчүн шайлоо участкаларындагы шайлоочуларга максималдуу ыңгайлуулуктарды түзүү максатында бардык шарттарды эске алуу менен айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагындагы
- 3042 шайлоо участогу – Көк-Дөбө УШК;
- 3043 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3044 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3045 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3046 шайлоо участогу – Ананьево УШК;
- 3047 шайлоо участогу – Кароол-Дөбө УШК;
- 3048 шайлоо участогу – Жаркымбаев УШК;
- 3049 шайлоо участогу – Өрүктү УШК;
- 3050 шайлоо участогу – Чоң-Өрүктү УШК;
- 3051 шайлоо участогу – Орто –Өрүктү УШК
Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемелерге (№1, №2, №3 ж.б.) ылайык бекитилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздары Ысык-Көл райондук аймакттык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары – жооптуу катчы
Т.М.Агатаевага, шайлоо комиссияларына жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4.Депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, аскердик тарбия, спорт, өзгөчө кырдаал боюнча, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев