Загрузка документа…
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз 6- сессиясы
ТОКТОМ
2025 –жылдын “ 12 ”июну № 6-3
“Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө”
Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу Орто-Өрүктү айылынын тургуну Касымов Талант Султангазиевичтин бала бакча курууга 0,20га жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө арызын карап, Орто-Өрүктү айылынын айыл башчысы Боронбай уулу Максаттын маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. 22.01.2003 – жылдагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн №970 токтомунун, 18.04.2025 –жылы сериясы Б№063566 болгон жер тилкесин мөөнөтсүз(мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик Актынын негизинде 04.09.2024-жылындагы №203-2024-23475 Кайтарымсыз өткөрүп берүү келишиминин 25.10.2024-жылы сериясы Б№058141 болгон жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик Актынын негизинде жеке үй куруудан орто билим берүү мектебин курууга деп багыты өзгөртүлсүн жана мектептин территориясына бириктирилсин..
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы Т.М.Агатаевага жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5 - токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев