Загрузка документа…
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
кезексиз 6- сессиясы
ТОКТОМ
2025 –жылдын “ 12 ”июну № 6-4
“Таштанды салуучу бактарды алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябры № 123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын негизинде Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу көл жээгиндеги жерлердин тазалыгын сактоо максатында “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын жетекчисиА.Бараканованын маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов жергиликтүү кеңеши
токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу көл жээгиндеги жерлердин тазалыгын сактоо максатында 30 (отуз) таштанды салуучу бактарды алууга 600000(алты жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасына 50000(элүү миң) сом акча каражаты субсидия катары берилсин, көл жээгиндеги ажатканаларды орнотууга.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы Т.М.Агатаевага жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев