Загрузка документа…
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
кезексиз 6- сессиясы
ТОКТОМ
2025 –жылдын “ 12 ”июну № 6-5
“Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө
“Ардактуу атуулу” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары-айыл өкмөтү, айылдык кенеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук, мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттарынын кайрылууларын эске алып, Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Т.М.Агатаеванын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
Төрага А.Ш.Кыштобаев
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү
Кенешинин кезексиз 6-сессиясыныны
12.06.2025-жылдагы №6-5 токтому
“Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул ЖОБО Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуулу” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары-айыл өкмөтү, айылдык кенеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 “Ардактуу атуулу” наам ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп,өзүнүн сунушу менен айыл аймактын жергиликтүү кенешине жөнөтөт.
1.4 “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айыл аймактын жергиликтүү Кенешинин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат.
1.5 Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 3 адамга гана ыйгарылат.
II. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу
үчүн негизги талаптар:
2.1 Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айыл аймактын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
2.3 Айыл аймакка инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
III.Айыл аймактын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3 “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуулу” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
Эгерде “Ардактуу атуулу” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо: