Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 48/6-29
«Нак-Строй» ЖЧК иши боюнча Жогорку соттун чечимин аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, «Нак-Строй» ЖЧК иши боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 05-2931/24 ГД токтомун, Кемин районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн 2025-жылдын 19-майындагы № 08-2/3637/25 аткаруу баракчасын өз ыктыяры менен аткаруу жөнүндө сунушун жана 2025-жылдын 11-июнундагы токтомун аткаруу максатында, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясына:
- Бюджеттин “Турак жай коммуналдык чарбасы” бөлүмүнүн 2221-беренесинен 2215-беренесине 563044 (беш жүз алтымыш үч миң кырк төрт) сом 41 ( кырк бир) тыйын которулсун.
2. Кемин районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн 2025-жылдын 19-майындагы № 08-2/3637/25 аткаруу баракчасын өз ыктыяры менен аткаруу жөнүндө сунушунда белгиленген эсепке 334044 (үч жүз отуз төрт миң кырк төрт) сом 41 (кырк бир) тыйын жана 2025-жылдын 11-июнундагы токтомунда белгиленген эсепке 229000 (эки жүз жыйырма тогуз миң) сом, жалпысынан 563044 (беш жүз алтымыш үч миң кырк төрт) сом 41 (кырк бир) тыйын акча-каражаты которулуп төлөнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |