КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 12-августу № 198
Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга дем берүүгө. инвестицияларды коргоонун бирдей жана адилеттүү укуктук принциптерин жана кепилдиктерин белгилөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан түз инвестицияларды жүзөгө ашырууда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат, мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилейт, инвесторлордун укуктарын, ошондой эле алардын кызыкчылыктарын коргоо жана инвестициялык иштин катышуучуларынын өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктайт.
2-берене. Инвестициялык иштин принциптери
Инвестициялык иштин субъекттеринин өз ара мамилелери төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) укук үстөмдүгү;
2) адилеттүүлүк;
3) айкындуулук жана ачыктык;
4) инвестициялык иштин эркиндиги;
5) инвестордун ак ниеттүүлүк презумпциясы;
6) инвестицияларды коргоо кепилдиги.
3-берене. Инвестициялар, инвестициялык иш жана турукташтыруу режими жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Инвестициялар, инвестициялык иш жана турукташтыруу режими жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) жана инвестицияларды жүзөгө ашыруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына же салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда турукташтыруу жөнүндө макулдашууну түзгөн инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана көрсөтүлгөн макулдашууга кол коюлган датадан тартып 10 жылдын ичинде аларды тандоо учурунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларында каралган кыйла жагымдуу шарттарды колдонууга укуктуу. Көрсөтүлгөн укук, башка кыйыр салыктарды кошпогондо, кошумча нарк салыгын кошуп алганда, салыктарга, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдөн сырткары салыктык эмес төлөмдөргө жайылтылат. Турукташтыруу режимин колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Турукташтыруу режимин колдонуу инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кыйла жагымдуу шарттарды пайдалануу укуктарын чектебейт.
4. Турукташтыруу режимин пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
1) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган датадан тартып 3 жылдын ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына аталган макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) расмий курсу боюнча аныкталуучу 200 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө салымдарды жүргүзгөн инвесторго, ошондой эле инвестициялануучу ишкананын өзүнө;
2) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган датадан тартып 5 жыл ичинде инвестициялануучу ишкананын капиталына аталган макулдашууга кол коюлган күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча аныкталуучу 1 миллиард сомдон кем эмес өлчөмдө инвестиция салынган шартта, ошондой эле инвестициялануучу ишкананын өзү пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашырган инвесторго.
5. Инвестордун ушул беренеде белгиленген инвестицияларды инвестициялануучу ишкананын капиталына салуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоосу турукташтыруу жөнүндө макулдашууну бузуу жана турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында үнөмдөөгө жетишилген төлөнбөгөн салыктарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү өндүрүү үчүн негиз болуп саналат.
6. Акционерлердин же инвестордун катышуучуларынын жана/же инвестициялануучу ишкананын курамынын өзгөрүшү турукташтыруу режиминин колдонулушун токтотпойт жана аны колдонуунун белгиленген мөөнөттөрүнө таасирин тийгизбейт.
7. Эгерде эл аралык келишимде инвестициялык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу улуттук мыйзамдардын ченемдерине салыштырмалуу башка, кыйла жагымдуу жоболор каралса, эл аралык келишимдин жоболоруна алар Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына ылайык келген бөлүгүндө колдонулат.
8. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында чет өлкөлүк инвестордун инвестициялык ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынышы же чектелиши мүмкүн.
9. Финансы-кредиттик уюмдарга жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү уюмдарга инвестициялар Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат:
1) инвестордун кыйыр контролунда турган активдер - башкаруу түздөн-түз ээси болуп саналбаган, бирок бул активдерди пайдалануу менен байланышкан чечимдерге таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон үчүнчү жактар же түзүмдөр аркылуу жүзөгө ашырылуучу активдер;
2) деривативдер (туундуу баалуу кагаздар) - чыгаруу жана жүгүртүү механизми базалык активдин келишиминде белгиленген мөөнөттүн аралыгында сатып алуу же сатуу укугу менен же болбосо мындай баалуу кагаздын негизинде турган базалык активдин баасынын өзгөрүшүнө байланыштуу келип чыгуучу мүлктүк укук (милдеттенме) менен байланышкан баалуу кагаздар;
3) инвестор - пайда алуу максатында инвестициялык иштин объекттерине өзүнүн жана/же зайымдык каражаттарды же болбосо башка тартылган инвестициялык ресурстарды инвестициялоону жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
4) улуттук инвестор - Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында инвестицияларды жүзөгө ашырып жаткан жана/же буга чейин жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридикалык жак деп таанылган субъектти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок адам болуп саналган жеке жак же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган юридикалык жак;
5) чет өлкөлүк инвестор - Кыргыз Республикасында инвестицияларды жүзөгө ашыруучу жана/же буга чейин жүзөгө ашырган улуттук инвестор болуп саналбаган жеке же юридикалык жак;
6) инвестициялар - коммерциялык ишти баштоо же улантуу үчүн инвестордун менчигинде же түз же кыйыр контролунда турган активдердин кандай болбосун түрү, анын ичинде төмөнкүлөр, бирок алар менен чектелбейт:
а) үлүштөр, акциялар, өнөктөштүктөгү үлүштөр жана капиталга катышуунун башка формалары, ошондой эле облигациялар, карыздык милдеттенмелер жана компаниядагы карыздык катышуунун башка формалары;
б) интеллектуалдык менчиктин мүлктүк укуктары, анын ичинде техникалык документтер, өндүрүштүн тигил же бул түрүн уюштуруу үчүн зарыл болгон көндүмдөр жана өндүрүштүк тажрыйба түрүндө таризделген патенттелген же патенттелбеген (ноу-хау), техникалык, технологиялык, коммерциялык жана башка билимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка баалуулуктар;
в) акча каражаттары, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;
г) наркы акча түрүндө баалануучу мүлктүк укуктар (күрөө, ипотека жана башкалар);
д) наркы акча түрүндө баалануучу мүлктүк эмес укуктар;
е) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилүүчү укуктар (лицензиялар, уруксаттар ж.б.);
ж) жүгүртүүгө чыгарууга жол берилбеген (жүгүртүүдөн алып салынган объекттерди) жарандык укуктардын объекттеринин түрлөрүн кошпогондо, наркы баалануучу (акча түрүндө) жарандык укуктардын башка объекттери;
з) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган инвестициялоонун башка формалары.
Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу келишимдеринен келип чыгуучу акчалай талаптар, ошондой эле бул келишимдерди каржылоо инвестициялар болуп саналбайт;
7) инвестициялык иш - инвестицияларды жүзөгө ашыруу менен байланышкан практикалык иш-аракеттердин жыйындысы;
8) инвестициялык долбоор - белгилүү бир объектке инвестициялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөөчү документтердин комплекси, ошондой эле эксплуатацияга тапшыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен белгиленген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралар же болбосо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору;
9) инвестициялык лоттор - инвестициялык сунушту, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки заттык базаны жана сатуу рынокторун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү өзүнө камтыган, демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү чечимдердин комплекси;
10) инвестициялык сунуш - инвестициялык долбоордун мазмунунун кыскача сыпаттамасын жана аны ишке ашыруу планын камтыган документтердин комплекси;
11) инвестициялык макулдашуу - Кыргыз Республикасындагы инвестициялар менен байланышкан тараптардын укуктарын, милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин аныктоочу инвестор менен мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосунда түзүлгөн жазуу жүзүндөгү келишим;
12) түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашуу - инвестициялык долбоор экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык келген шартта конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) менен инвестордун ортосунда түзүлүүчү макулдашуу;
13) компетенттүү орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилүү бир чөйрөдө милдеттерди жөнгө салуу, контролдоо, координациялоо же ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
14) опцион - тараптардын бири контрактта көрсөтүлгөн бүткүл мөөнөттүн ичинде колдонуучу белгиленген баа боюнча аныкталган базалык активди сатып алуу (колл) же сатуу (пут) укугуна ээ болуучу, ал эми экинчи тарап ошол укукту жүзөгө ашырууну камсыз кылууга милдеттенүүчү контракт;
15) түз инвестициялар - инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган компаниядагы добуш берүүчү акциялардын/үлүштөрдүн 10 жана андан ашык пайызына ээлик кылуусу же инвестициялоонун башка формаларында ушул катышууга эквиваленттүү болушу;
16) инвесторлордун даттанууларынын реестри - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) инвесторлордун даттануулары катталуучу жана тутумдаштырылуучу маалыматтар базасы;
17) турукташтыруу режими - салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилген учурда инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана үчүн жагымдуу укуктук режим;
18) эркин конвертациялануучу валюта - Эл аралык валюта фондунун 1944-жылдын 22-июлундагы Макулдашуусунун беренелерине жана ага карата киргизилген түзөтүүлөргө ылайык аныкталган валюта;
19) өзгөчө инвестициялык режими бар аймактар - инвестицияларга дем берүү үчүн атайын салыктык, бажылык жана административдик преференциялар жана жеңилдиктер колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зоналар;
20) фьючерс - контрактта белгиленген күнү базалык активди белгиленген баа боюнча сатып алууга же сатууга контракт;
21) экспроприация - инвестордун мүлкүн мажбурлап алып коюу же аны инвестициялардын натыйжаларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.
22) инвесторлорду аккредитациялоо - инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чет өлкөлүк инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүн алдын апа текшерүүнүн жана тастыктоонун жол-жобосу;
23) аккредиттелген инвесторлордун реестри - чет өлкөлүк инвесторлор жана алардын инвестициялык долбоорлору жөнүндө маалыматтар киргизилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий реестри.
5-берене. Инвесторлорго коюлган талаптар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык макулдашууну тариздөө жана инвестициялык ишке катышуу үчүн инвестор төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берүүгө тийиш:
1) тиешелүү финансылык милдеттенмелери бар инвестициялык макулдашуунун катышуучусу болуу ниети жөнүндө кайрылуу;
2) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана уюмдаштыруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын катталган жери боюнча салык органдарынан ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
4) юридикалык жактын эсептерин тейлөөчү коммерциялык банктардын акыркы алты айдын ичинде алыш-бериш эсеби боюнча жүгүртүүлөр жөнүндө маалымкат;
5) учурдагы бардык карыздары жөнүндө маалымат (макулдашуулардын, келишимдердин көчүрмөлөрү жана бардык коштоочу документтер);
6) инвестордун оң абройго ээ экендиги, өз-өзүнчө же жалпысынан инвестордун чарбалык иши, активдери, финансылык же башка абалы үчүн кандайдыр бир олуттуу жагымсыз кесепеттерге же ушул инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн болгон ага каршы эч кандай доо коюлбагандыгы, эч кандай сот иштери козголбогондугу, эч кандай териштирүүлөр же тергөө жүргүзүлбөгөндүгү жана кандай болбосун сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы мындай аракеттерди жасоо коркунучунун жоктугу жөнүндө маалымат.
2. Туруктуу инвестициялоо боюнча инвестордун милдеттенмелери:
1) инвесторлор өзүнүн инвестициялык ишин бардык тиешелүү мыйзамдарга, ченемдик актыларга, эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырууга тийиш;
2) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ишкер этиканын, адам укуктарынын жана эмгек ченемдеринин жогорку стандарттарын сактоого милдеттүү;
3) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айлана-чөйрөнү коргоо принциптерин жана ченемдерин сактоого милдеттүү;
4) инвесторлор мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын, ошондой эле колдонуудагы башка эл аралык укуктук актыларды эске алуу менен инвесторлор коррупциялык укук бузууларды жасоо же жактыруу максатында мамлекеттик органдардын жана мекемелердин кызмат адамдарына же кызматкерлерине көмөк көрсөтүүдөн, сыйлоодон, шыкактоодон, жардам көрсөтүүдөн же алар менен тил табышуудан карманууга милдеттүү;
5) инвестициялык ишти жүзөгө ашырууда инвесторлор мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасын жана жергиликтүү жамааттарды туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулууга тийиш;
6) инвесторлор инвестициялык ишти колдонуудагы салык мыйзамдарына, ошондой эле колдонуудагы эл аралык ченемдерге жана принциптерге толук ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарда инвестицияларды коргоо боюнча финансылык милдеттенмелер
1. Кыргыз Республикасы өзгөчө инвестициялык режимдеги аймактарда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын атынан инвестицияларды коргоо боюнча финансылык милдеттенмелерди берет. Министрлер Кабинети өзгөчө инвестициялык режимдеги аймактар үчүн экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактары үчүн финансылык милдеттенмелердин тизмегин бекитет.
2. Мамлекеттик өнүктүрүү программаларына (долбоорлоруна) ылайык өзгөчө инвестициялык режимдеги аймактарда экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактарын инвестицияларды жүзөгө ашыруучу инвесторлор үчүн мыйзамдардагы карама-каршылыктардан улам келип чыккан талаш-тартыштарды кароо учурунда мамлекеттик органдардын укукка каршы аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында зыян келтирилген учурда инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктердин алкагында мамлекеттин белгилүү бир финансылык милдеттенмелери каралышы мүмкүн.