Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 49/6-29
“Узундугу 1826 метр Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоорун биргелешип каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы суммасы 36000000 (отуз алты миллион) сом болгон “Узундугу 1826 метр Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Алтынкен” ЖЧК тарабынан 7000000 (жети миллион) сом бөлүнүп берилген.
Орловка шаарынын мэриясына:
- Аталган долбоорду биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттин «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмүнөн 7000000 (жети миллион) сом бөлүнсүн.
- Кемин райондук өнүктүрүү фонддон 7000000 (жети миллион) сом жана Чүй облустук өнүктүрүү фонддон 15000000 (он беш миллион) сом өлчөмүндө каражат алууга өтүнмөлөр тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |