Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №93
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясындагы 2025-жылдын 21-майындагы №92-кабыл алынган
токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын сунушунун негизинде, сунуштар угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясындагы 2025-жылдын 21-майындагы №92-кабыл алынган токтомуна ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылындагы “Стан” участкасынан №768, №769, контурундагы жалпы 33,03 га жер аянтында жогорудагы көрсөтүлгөн контурларга айыл чарба багытынан “Жайыт жеринен”, “Калктуу конуштар” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу