Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 51/6-29
“Лесная сказка” бала бакчасынын электр зымдарын алмаштырууга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаардык мэриясына:
- Жергиликтүү бюджеттин «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмүнүн 2221-беренесинен “Сказка бала бакчасы” бөлүмүнүн 2221-беренесине 2612,766 (эки миллион алты жүз он эки миң жети жүз алтымыш алты) сом которулсун.
2. “Лесная сказка” бала бакчасынын электр зымдарын алмаштырууга 2612,766 (эки миллион алты жүз он эки миң жети жүз алтымыш алты) сом бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |