Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №95
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жер аянтынын ичинде жайгашкан эски сарай жана жарактан чыккан курулуштарды буздурууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жер аянтынын ичинде жайгашкан эски сарай жана жарактан чыккан курулуштарды буздурууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу