Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 54/6-29
Айыл чарба мамлекеттик жер фондунун жерлерине ижара акы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кемин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын “Айыл чарба мамлекеттик жер фондунун (АЧМЖФ) жерлеринин конкурска коюлган жерлерине Типтүү Жободо көрсөтүлгөн 30% коэффициенти менен ижара акысын бекитип берүү жөнүндө” катынын негизинде, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы айыл чарба мамлекеттик жер фондунун (АЧМЖФ) жерлеринин конкурска коюлган жерлерине Типтүү Жободо көрсөтүлгөн 30% коэффициенти менен ижара акысы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |