Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №96
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VI чакырылышындагы XXII кезектеги сессиясындагы 2019-жылдын 3-майындагы №7 кабыл алынган
токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын сунушунун негизинде, сунуштар угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VI чакырылышындагы XXII кезектеги сессиясындагы 2019-жылдын 3-майындагы №7 кабыл алынган токтомуна ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Администрациялык-аймактык реформанын алкагында Кѳл-Тѳр айыл ѳкмѳтү менен Ак-Терек айыл ѳкмѳтү бириккенине байланыштуу, токтомдун күнү, айы, жылы жаӊыртылсын, калганы ошол бойдон ѳзгѳртүүсүз калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу