Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 55/6-29
Орловка шаарынын мэриясынын жолдорун жана жарыктандыруусун «Орловка шаардык турак-жай коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин жана “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын директору А.Ш.Кудайбергеновдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясына:
- Орловка шаарынын мэриясынын балансында турган жолдор жана жарыктандыруулар «Орловка шаардык турак-жай коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде жана өткөрүү-кабыл алуу актысы менен оперативдүү башкарууга берилсин.
2. «Орловка шаардык турак-жай коммуналдык чарбасы» муниципалдык ишканасына:
- Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы жолдорунун жана жарыктандырууларынын толук иштеши камсыз кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |