Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №97
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын тургуну
Тиленбаев Бектурсун Кытайбаевичке жер участогун мыйзамдаштырууга уруксат берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын тургуну Тиленбаев Бектурсун Кытайбаевичдин арызынын негизинде, жер участогун мыйзамдаштырууга уруксат берүү боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Тогуз-Булак айылынын тургуну Тиленбаев Бектурсун Кытайбаевичке 2003-жылы системалык каттоодон айыл ѳкмѳттүн жери болуп жаӊылыш кирип калган жер участогун мыйзамдаштырып токтом чыгарып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу