Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 56/6-29
Мал жаюуга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 04-13/247 буйругунун негизинде жана Орловка шаарынын тургундарынын 2025-жылдын 30-майындагы арызын карап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын жакынкы жайыт жерлеринде мал жаюу жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде чектелсин.
2. Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулардын Жайыт комитетине:
- жакынкы жана алыскы жайыт жерлердин чектери белгиленсин.
- алыскы жайыттарды пайдаланууга шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттери жүргүзүлсүн.
3. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан жайыт жерлеринде мал жаюу графигин бузган пайдалануучуларга административдик чара көрүү иштери күчөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасына жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |