Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №98
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кѳл-Тѳр айылынын тургуну
Талипова Букен Эсенгуловнага жер участогун мыйзамдаштырууга
уруксат берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кѳл-Тѳр айылынын тургуну Талипова Букен Эсенгуловнанын арызынын негизинде, жер участогун мыйзамдаштырууга уруксат берүү боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Кѳл-Тѳр айылынын тургуну Талипова Букен Эсенгуловнага 2003-жылы системалык каттоодон айыл ѳкмѳттүн жери болуп жаӊылыш кирип калган 2-04-03-1002-0235 коддо жайгашкан жер участогун мыйзамдаштырып токтом чыгарып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу