Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 57/6-29
Жаштар кеңешинин Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын Жаштар кеңешинин төрагасы Р.К.Мусаевдин маалыматын угуп, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Жаштар кеңешинин Уставы бекитилсин (тиркелет).
2. Бекитилген Жаштар кеңешинин Уставы Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен мамлекеттик каттодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын Жаштар кеңешине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |