Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 58/6-29
“Дахуа тобу” кытай инвестору тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Муниципалдык мүлк” Мыйзамдарына ылайык, Кытай инвесторунун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Дахуа тобу” кытай компаниясы Орловка шаарында газбетон блокторун өндүрүп чыгаруу ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2. “Дахуа тобу” кытай компаниясына төмөнкү негизги шарттар коюлсун:
- Орловка шаарындагы ишканага жумуш орундарына 90% жергиликтүү тургундар алынсын.
- “Дахуа тобу” кытай компаниянын юридикалык дареги Орловка шаарына катталсын.
- “Дахуа тобу” кытай компаниясы тарабынан экологиялык коопсуздук катуу сакталсын.
3.Орловка шаарынын мэриясына:
- Орловка шаарынын мэриясынын алдындагы “Орловка жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишкананын №1 отканасынын имараты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “Дахуа тобу” кытай компаниясына газбетон блокторун өндүрүп чыгаруу ишканасын иштетүүгө ижарага берилсин.
4. №1 откананын имаратына баштапкы ижара акысы жылына бир чарчы метр үчүн 100 (бир жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | М.И. Токтакунов |